1383483_689700041054680_1206691604_n

Рубрика: Мен тарткан суроттор | 1 комментарий

КОШ КӨҢҮЛДҮҮЛҮК – БАШКЫ ДУШМАН

Эң чоң душманыбыз – бул кош көңүлдүүлүк… Пара алып жаткан МАИ кызматкерин баарыбыз жек көрөбүз, айыптайбыз. Бирок, “кой антпе, уят, күнөө, кылмыш болот. Балакеттен алыс болом десең бала-чакаңды адал тамак менен бак” деп бетине айткан ким бар? АКШда, Жапонияда жа Германияда таламандын так түшүндө автобусту токтотуп, анын ичиндеги жык-жыйма адамдардын көзүнчө айдоочудан көз көрүнөө акча алып жаткан полицейди элестете аласыңбы? Мүмкүн эмес. Анткени, эл андай жапайычылыкка, пастыкка жол бербейт. Алеки саатта мыйзамдуу аракеттер менен паракордун колу-бутун тушатып, түрмөгө тыктырып салмак. А бизде – бул кадыресе эле көрүнүш. Элибиз негизинен “түшүнүү менен” мамиле кылат. Демек, маселе акча алып жаткан МАИ кызматкеринде эле эмес, ошону көрүп туруп унчукпаган баарыбызда. МАИ жана башка тармактарда ыйгарым-укуктарын кыянаттык менен пайдаланып жаткан айрым бир туугандарыбызды артынан жамандаганча колунан кармап, жок дегенде жумшак сөз менен арам жолдон кайтаруу аракетин көрбөйлүбү. Артынан ушактоо алардын кылганынан чоң күнөө болуп жатпайбы…

Нуржигит Кадырбеков

Рубрика: Кыргызчылык | Метки: , , | Оставить комментарий

Привет, мир!

Добро пожаловать на сайт «Журналисты». Это ваша первая запись. Отредактируйте или удалите её, затем пишите!

Рубрика: Мен тарткан суроттор | 1 комментарий